Бишкек шаар куруу жана архитектура башкармалыгы

  • Home
  • Kyrgyzstan
  • Bishkek
  • Бишкек шаар куруу жана архитектура башкармалыгы

Бишкек шаар куруу жана архитектура башкармалыгы Contact information, map and directions, contact form, opening hours, services, ratings, photos, videos and announcements from Бишкек шаар куруу жана архитектура башкармалыгы, Чокморова, 185, Bishkek.

Шаар куруу жана архитектура Департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгы / Бишкекское главное управление по градостроительству и архитектуре Департамента градостроительства и архитектуры Минстрой КР

27/05/2026
27/05/2026

☪️ Президент Садыр Жапаровдун Курман айт майрамына карата куттуктоосу

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 27-майда, кыргызстандыктарды Курман айт майрамы менен куттуктады.
Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

“Урматтуу мекендештер!

Ардактуу момун мусулмандар!

Бүгүн биз бүткүл ислам дүйнөсү менен бирге Курман айт майрамын зор кубаныч, терең руханий даярдык менен тосуп жатабыз.
Баарыңыздарды бүгүнкү майрамыңыздар менен чын дилимден куттуктаймын!

Курман айт – кылымдар бою ата-бабалардан калган диний жана улуттук руханий нарктарды, боорукердикти, кайрымдуулукту жана жоомарттыкты даңазалаган өзгөчө касиеттүү күн. Бул майрам адамзаттын дилинин тазалануусуна, бири-бирине болгон кечиримдүүлүккө, кең пейилдүүлүккө жана ынтымакка чакырат. Бул күндөрү Кудай жолуна чалынган курмандыктар, тиленген бата-тилектер коомубуздагы өз ара сый-урматты арттырып, коомдук биримдикти чыңдоого кызмат кылат.

Биз – ынтымакты туу туткан, кыйынчылыкта бирге болгон улуу жана куттуу журтпуз. Биздин эң башкы байлыгыбыз – Ата Мекенибиздин тынчтыгы менен элибиздин ынтымагы.

Ар бир үй-бүлөгө кут-береке, бейпилдик жана ынтымак-ырыс каалайм. Ата Журттан сырткары, алыс-жакында жүргөн бардык мекендештерибиздин, ошондой эле өлкөбүздөгү бардык мусулман бир туугандарыбыздын жүрөктөрүнө жылуулук, дилине тынчтык орносун.

Ушул күндөрү Мекке шаарында ажылыкта жүргөн жарандарыбыздын аруу-тилектери менен ажылыгы кабыл болсун.

Жараткан кутман жергебизге ырыскы, береке, бейпилдик жана туруктуулук берсин. Элибизди бөөдө кырсыктан, бөлүнүп-жарылуудан сактасын! Кыргызстаныбызда ар дайым бакубатчылык орноп, ар бир коломтодо токчулук менен молчулук өкүм сүрсүн!

Курман айт майрамыбыз маарек болсун!”

****

☪️ Поздравление Президента Садыра Жапарова с праздником Курман айт

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 27 мая, поздравил кыргызстанцев с праздником Курман айт.

Поздравление Главы государства:

«Дорогие соотечественники!
Уважаемые мусульмане!

Сегодня мы вместе со всем исламским миром с большой радостью и глубоким духовным обновлением отмечаем праздник Курман айт.
Сердечно поздравляю вас всех с этим праздником!

Курман айт – это особо почитаемый день, который на протяжении веков прославляет истинные духовные и национальные ценности – доброту, милосердие и щедрость, унаследованные от предков. Этот праздник призывает к очищению души, прощению, великодушию и согласию между людьми. В эти дни жертвоприношения и молитвы, вознесенные во имя Всевышнего, способствуют укреплению взаимного уважения и единства в нашем обществе.

Мы – великий и благословенный народ, который ценит сплоченность и единство и вместе преодолевает трудности и испытания. Наше главное богатство – мир в Отечестве и согласие нашего народа.
Пусть этот праздник принесет каждой семье благополучие, спокойствие и согласие. Пусть в сердцах всех кыргызстанцев и соотечественников, находящихся сейчас вдали от Родины, будет тепло, а в душе – мир.

Пусть Всевышний примет хадж наших граждан, совершающих паломничество в Мекке в эти дни, и их чистые помыслы.

Пусть Создатель ниспошлет нашей благословенной земле достаток, изобилие, мир и стабильность. Да убережет наш народ от внезапных бедствий и раскола! Пусть в нашем Кыргызстане всегда царит благополучие и в каждом доме будет достаток и изобилие!

С праздником Курман айт!»

Көңүл буруңуз! Биз жарнама боюнча шаар куруу корутундуларына жана инженердик-техникалык шарттарга онлайн арыздарды кабыл...
22/05/2026

Көңүл буруңуз!
Биз жарнама боюнча шаар куруу корутундуларына жана инженердик-техникалык шарттарга онлайн арыздарды кабыл ала баштайбыз!

Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаментинин Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгында 2026-жылдын 25-майынан тартып, маалыматтык жана жарнамалык конструкцияларга архитектуралык-техникалык корутунду алууга, дизайн-кодго ылайык эскиздик долбоорлорго, имараттын фасадынын паспортуна, ошондой эле инженердик-техникалык шарттарды алуу үчүн электрондук форматта арыз тапшырууга болот.
Бул чара, Кыргыз Республикасынын Президентинин “Мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндө санариптик трансформациялоону андан ары өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө” Жарылыгын аткаруунун алкагында ишке ашып, өлкөдө заманбап санариптик чечимдер активдүү жайылтылууда.
Ошондой эле бул чара кызматтарды электрондук форматка которуу процесстерининачыктыгын жогорулатат, бардык этаптарды автоматташтырууну камсыздайт, адам факторунун таасирин азайтат жана коррупциялык тобокелдиктерди кыскартууга өбөлгө түзөт.
Архитекторлорду, долбоорлоочуларды жана арыз берүүчүлөрдү жеке кабинеттерди активдүү колдонууга, ошондой эле арыздарды онлайн режиминде тапшырууга чакырабыз.
Жеткиликтүү кызматтардын тизмеси менен таанышуу, ошондой эле жеке кабинетиңизди каттоо үчүн cabinet.bga.gov.kg порталына өтүңүз.

***

Внимание!
Начинаем принимать заявки онлайн на градостроительные заключения по рекламе и на инженерно-технические условия!

С 25 мая 2026 года Бишкекское главное управление по градостроительству и архитектуре Департамента градостроительства и архитектуры при Министерстве строительства Кыргызской Республики можно будет подавать заявки на
архитектурно-техническое заключение на информационные и рекламные конструкции, эскизные проекты согласно дизайн-коду, паспорт фасада здания, а также подать заявку в электронном формате можно на получение инженерно-технических условий.

Данная мера реализуется в рамках исполнения Указа Президента Кыргызской Республики «О мерах по дальнейшему совершенствованию цифровой трансформации в сфере государственного управления». В стране активно внедряются современные цифровые решения.

Перевод услуг в электронный формат повышает прозрачность процессов, обеспечивает автоматизацию всех этапов и снижает влияние человеческого фактора, что способствует сокращению коррупционных рисков.

Призываем архитекторов, проектировщиков и заявителей активно использовать личные кабинеты, а также подавать заявки в онлайн-режиме.

Для ознакомления с перечнем доступных услуг, а также регистрации личного кабинета перейдите на портал:
cabinet.bga.gov.kg

09/05/2026

9 Мая — день Великой Победы!

Руководство и коллектив Бишкекского главного управления по градостроительству и архитектуре Департамента градостроительства и архитектуры поздравляют с 81-й годовщиной Победы в Великой Отечественной войне.

Мы помним тех, кто сражался на фронтах, кто отдал свои жизни ради нашего будущего. Ваш героизм и самоотверженность навсегда останутся в наших сердцах.

От всей души желаем каждому из вас крепкого здоровья, благополучия, мирного неба над головой и праздничного настроения!

05/05/2026

Президент Садыр Жапаровдун Кыргыз Республикасынын Конституция күнүнө карата куттуктоосу

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда, кыргызстандыктарды өлкөнүн Конституция күнү менен куттуктады.

Мамлекет башчысынын куттуктоосу:

Урматтуу кыргызстандыктар! Ардактуу мекендештер!

Сиздерди бүгүнкү мамлекеттик маанилүү майрамыбыз – Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен чын дилимден куттуктаймын!

33 жыл мурда Конституциябызды кабыл алып, өз тагдырыбызды аныктап, ошону менен бирге көз каранды эмес мамлекеттүүлүгүбүздүн пайдубалын түптөп, адам укуктары менен эркиндигин жогорку баалуулуктар деп жарыялаганбыз.
Конституциябыз – эң жогорку юридикалык күчкө ээ укуктук акт.

Ал – улуттук идеологиябыздын булагы жана улуттук иденттүүлүктүн негизги өзгөчөлүктөрүн айкындаган документ. Көп этностуу өлкөбүздө ар бир жаран өзүнүн корголушуна ишенген, биримдик менен туруктуулукту бекемдеген идеялык өзөк болуп саналат. Мына ошондуктан анын ар бир беренесин урматтоо баарыбыз үчүн маанилүү принцип болушу абзел.

Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү тездик менен өзгөрүп жаткан маалда биздин Конституция өлкөбүздүн укуктук системасынын туу чокусу жана өнүгүүнүн пайдубалы болуп калды, себеби анда улуттун бүгүнкүсү менен эртеңки келечегин аныктаган баалуулуктар сиңирилген.

Жаңы Кыргызстанды куруу жолунда Конституциябыз заман агымы менен катар агууну, ошол эле маалда улуттук кызыкчылыктарыбызды кошо алып жүрүүнү шарттайт.
Ушу тапта мыйзамдын кол тийбестиги биринчи орунга коюлган демократиялык жана укуктук мамлекетти түзүп, эгемен элибиздин эрки менен кабыл алынган Конституцияны урматтоо аркылуу алдыга койгон максаттарыбызды ишке ашырып келебиз.

Конституциянын ар бир тамгасын жана бийик демин так кабыл алып, бекем сактоо аркылуу кийинки муундарды Баш мыйзамды, элибиздин кылымдарды карыткан бай тарыхын, нарк-насилин жана ак ниет эмгегин урматтоого тарбиялоо – сиздер менен биздин эң башкы милдетибиз.

Конституциянын жоболоруна жана элибиздин кеменгерлигине таянуу менен биз көз карандысыз, коопсуз жана өнүккөн жаңы Кыргызстанды кура алабыз деп бекем ишенем.

Ар бир мекендешиме чың ден соолук, бакубат турмуш каалайм.
Сүйүктүү Кыргызстаныбыз өркүндөп өсө берсин!
Өнүгүүдө башкы багыт, негизги таяныч болгон Конституциябыз баарыбызга кут болсун!

Майрамыңыздар менен!

****

Президент Садыр Жапаров поздравил кыргызстанцев с Днем Конституции Кыргызской Республики

Президент Кыргызской Республики Садыр Жапаров сегодня, 5 мая, поздравил кыргызстанцев с Днем Конституции Кыргызской Республики.

Поздравление Главы государства:

Уважаемые кыргызстанцы! Дорогие соотечественники!
Сердечно поздравляю вас с сегодняшним важным государственным праздником – Днем Конституции Кыргызской Республики!

33 года назад, приняв нашу Конституцию, мы определили свою судьбу, вместе с тем заложили фундамент независимой государственности и провозгласили права и свободы человека высшими ценностями.

Наша Конституция – это правовой акт, обладающий высшей юридической силой. Она является источником нашей национальной идеологии и документом, определяющим основные особенности национальной идентичности. В нашей многоэтнической стране она служит идейным стержнем, укрепляющим единство и стабильность, благодаря которому каждый гражданин уверен в своей защищенности. Поэтому уважение к каждой ее статье должно быть для всех нас важнейшим принципом.

Сегодня, в эпоху стремительных мировых перемен, наша Конституция стала вершиной правовой системы страны и фундаментом развития, поскольку в ней воплощены ценности, определяющие настоящее и будущее нации.

На пути построения нового Кыргызстана наша Конституция обуславливает движение в ногу со временем и одновременно следование национальным интересам.

В настоящее время, создавая демократическое и правовое государство, где верховенство закона поставлено во главу угла, мы претворяем в жизнь поставленные цели через уважение к Конституции, принятой по воле нашего суверенного народа.

Наша с вами главнейшая задача – точно воспринимая и неукоснительно соблюдая каждую букву и высокий дух Конституции, воспитывать грядущие поколения в духе уважения к Основному закону, к богатейшей многовековой истории нашего народа, его традициям, наследию и честному труду.

Я твердо уверен, что, опираясь на положения Конституции и мудрость нашего народа, мы сможем построить независимый, безопасный и развитый новый Кыргызстан.

Каждому соотечественнику желаю крепкого здоровья и благополучной жизни.
Пусть наш любимый Кыргызстан процветает и развивается!
Пусть наша Конституция – главный ориентир и основная опора в развитии – будет для всех нас благословением!

С праздником вас!

Address

Чокморова, 185
Bishkek
720000

Opening Hours

Monday 09:00 - 18:00
Tuesday 09:00 - 18:00
Wednesday 09:00 - 18:00
Thursday 09:00 - 18:00
Friday 09:00 - 18:00

Telephone

996312456809

Website

Alerts

Be the first to know and let us send you an email when Бишкек шаар куруу жана архитектура башкармалыгы posts news and promotions. Your email address will not be used for any other purpose, and you can unsubscribe at any time.

Contact The Business

Send a message to Бишкек шаар куруу жана архитектура башкармалыгы:

Share